Диний уюмдардын өзүлөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө отчет тапшырууларынын формалары жана мөөнөттөрү

БУЙРУК

 

___ ___________  __________                                              Бишкек шаары

«Диний уюмдардын өзүлөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө отчет тапшырууларынын формалары жана мөөнөттөрү» жөнүндөгү 2012- жылдын 28-январындагы № 4буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен диний уюмдардын  кызматташуусун жакшыртуу жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча

БУЙРУК КЫЛАМ:

  1. 2012-жылдын 28-январындагы № 4-буйруктун диний уюмдардын өзүлөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө отчет тапшырууларынын формалары жана мөөнөттөрү жөнүндөгү Жобосуна текстте көрсөтүлгөндөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, 1-тиркемеде.
  2. 2-тиркемеге ылайык отчеттуулуктун 1,2,3,4,5,6 формалары бекитилсин.
  3. Экспертиза жана каттоо бөлүмү буйрук бекитилгенден баштап ушул Жободогу өзгөртүүлөр жөнүндө каттодон өткөн диний уюмдарга маалдымдасын жана отчетту жаңы Жобонун негизинде кабыл алсын.
  4. Буйруктун аткаруу көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Директордун орун басары                                                         З. Чотаев

 


 
ТИРКЕМЕ 1 

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2017-жылдын 24январындагы № 20-буйругу менен бекитилди

 

Ж О Б О
Диний уюмдардын өзүлөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө отчет тапшыруунун формалары жана мөөнөттөрү

Диний уюмдардын өзүлөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө отчет тапшыруунун формалары жана мөөнөттөрү жөнүндөгү ушул Жобо (Жобо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыкты, жана мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын диний иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өз ара кызматташуусунда Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндигинин укуктарын камсыз кылууга багытталган:

Диний уюмдарынын отчеттору (диний башкармалыктар, союздар, конференциялар, миссиялар, диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, сыйынуу үйлөрү, монастырлар жана башкалар) дин иштери боюнча атайын органдын расмий электрондук дарегине электрондук түрдө, кийин сөзсүз жазуу жүзүндө тиешелүү тиркемелерин жана таблицаларын жөнөтүү менен тапшырылат.

Диний уюмдун түзүмдүк бөлүмчөлөрү болгон учурда (бирдиктүү диний башкармасы, союздар, борборлору ж.б.) отчет борбордук диний уюм аркылуу ар бир түзүмдүк бөлүмчөлөр боюнча берилет. 

Диний уюмдардын иш-аракеттери жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына ар жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен тапшырылат.

Диний уюмдардын иш-аракеттери жөнүндө отчету эркин жазуу түрүндө, төмөндө саналган бөлүкчөлөрдө камтылган маалыматтар боюнча, жана ошондой эле 1,2,3,4,5,6 формаларына ылайык 2-тиркемедеги таблица түрүндө берилет.

Жазуу жүзүндөгү отчетто диний уюмдун иш-аракеттери Уставына ылайык көрсөтүлүшү зарыл.

 Жазуу жүзүндөгү отчетто төмөндөгү суроолор көрсөтүлүшү керек:

1). Каттодон өткөн диний уюм жөнүндө маалымат: диний умдун толук аталышы, Борбордук уюму (эгер бар болсо), жайгашкан жери (юридикалык жана накта дареги), байланыш телефону, факс, ыйгарым укуктуу дин иштери боюнча органдан катталган жылы-күнү, эсептик каттодон өткөндүгү тууралуу  күбөлүктүн номери, уюмдун ИННи, ОКПОнын коду. №1-формага ылайык толтурулат.

2). Диний иш-аракет жүргүзгөн жетекчи жана кызматкерлер жөнүндө маалымат, фамилиясы, аты, атасынын аты-жөнү, туулган датасы, паспортунун номери, сериясы,  качан жана ким тарабынан берилген, жарандыгы, каттоодогу дареги, накта жашаган жери, мурунку иштеген орду. №2-формага ылайык толтурулат.

3). Диний иш-аракет жүргүзгөн жетекчинин жана кызматкерлердин билими тууралуу маалымат:  толук аты-жөнү, ээлеген кызматы, светтик билими: адистиги, окуу жайы, бүтүргөн жылы, диний билими: окуу жайы, бүтүргөн жылы, эмненин негизинде диний уюмдун  жетекчиси (кызматкери) болуп дайындалган; диний уюмдун чогулушунун протоколунун датасы жана №; мобилдик, кыматтык телефондору. №3-формага ылайык толтурулат.  

4). Диний уюмдун массалык иш-чараларды өткөргөндүгү тууралуу маалымат: иш-чаранын аталышы, өткөрүлгөн датасы жана жери, иш чаранын өтүшү жөнүндө макулдашылган орган (чыккан документтин номери, датасы) өткөрүүнүн максаты, өткөрүүнүн жыйынтыгы, чакыртылган чет мамлекеттин жарандарынын аты-жөнү жана уюштуруу комитетинин байланыш номерлери.  №4-формага ылайык толтурулат.

5). Диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук бузулушун жоюу боюнча маалыматтары: диний уюмдун толук аталышы, юридикалык жана накта дареги, байланыш маалыматтары, мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча берилген эскертүүлөрү жана корутундулары, аларды четтетүү боюнча иш чаралар, эскертүүлөр. №5-формага ылайык толтурулат.

6). Диний уюмдун каржы каражаттары жөнүндө маалымат: диний уюмдун толук аталышы, юридикалык жана накта дареги, байланыш маалыматтары, сырттан келип түшүүлөр (уюм же физикалык жак, келип түшүүлөрдүн суммасы), ички келип түшүүлөр (түрү, суммасы) чыгашалар (кайрымдуулук, чарбалык керектөөлөр, башка чыгымдар), эскертүүлөр. №6-формага ылайык толтурулат.

7). Түзүмдүк бөлүмчөлөрү (филиалы) бар: дин башкармасы, союздар, бирикмелер, конференциялар жана диний уюмдар, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн саны, жана башка маалыматтар жөнүндө, ушул Жободогу пункттар боюнча  беришет.

8). Диний кызматкерлерди чет өлкөдөн даярдоодо, же болбосо өзүлөрүнүн жолдоочуларын чет өлкөдөгү диний уюмга жөнөткөндө, ошону менен бирге диний уюмдун  жетекчисинин кайсы жерге, кандай максат менен жиберилгенин жана алардын чет өлкөдө жүрүү мөөнөтөрү жөнүндө толук маалымат берилет.

9). Диний уюмга диний иш-аракет жүргүзүү максатында чет өлкөнүн жараны чакыртылган болсо, анын аты-жөнүн көрсөтүү менен бирге туруктуу жашаган өлкөсү, Кыргыз Республикасында жүрүү мөөнөтү жана алардын диний уюмда жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалымат берилет.

10). Диний уюм эгерде диний адабияттарды, аудио видео продукцияларын  чыгарса, отчетто алардын аталышы, чыгарган тиражы көрсөтүлөт. Диний уюмга диний адабияттар, ага барабар эле аудио видео продукциялар келип түшсө, отчетто алардын көлөмү, аталышы, келип түшкөн датасы жана диний адабияттар кайдан келгендиги көрсөтүлөт.

11). Диний уюм телевизиондук жана радиокөрсөтүүлөрдү уюштурса, алардын датасы жана эфир убактысы, жана ошондой эле телевизиондук жана радио көрсөтүүлөр кайсыл жерде өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берилет.

12). Эгерде диний уюму тарабынан жеке газета, бюллетень, журнал чыгарылса анда чыгарылыштын аталышы, тиражы, мезгилдүү чыгарылышы, мезгилдүү чыгарылыштын катталган датасы жана номери көрсөтүлөт.

13). Диний уюм тарабынан чарбалык өндүрүш иш-аракеттери жүзөгө ашырылса, чарбалык өндүрүш иш-аракетинин түрү жана көлөмү көрсөтүлөт.

14). Диний уюмдар штатта  иштеген кызматкерледин саны (же келишим боюнча) жана алардын ээлеген орду көрсөтүлөт (кызматы): №2-3-формалар.

15).Диний уюм диний мектептерди, курстарды уюштурса окуучулардын саны, жана  окутуучулардын диний билимин көрсөтүү мене бирге толук маалымат беришет.

16). Диний окуу жайлары үчүн ушул Жобонун башка пункттары менен бирге төмөндөгү маалыматтар  берилет:

-окутуу программасы, диний сабактар боюнча адабияттардын тизмеси жана мазмуну;

-окутуучулардын сапаттык курамы;

– окуучулардын саны;

17). Мамлекеттик салык жана статистика органдарына отчеттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

18). Диний уюмдардын иш-аракеттери жөнүндө отчет мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.