Конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө

2019-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы толеранттуулуктуу жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө үндөгөн Жаныңдагынын үнүн ук!” ураандын астында уюштурулган фестиваль - көргөзмөсү (ConFest) өткөрүлүүдө.

ConFest Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосунда иш жүргүзүп жаткан 16 диний уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүн топтойт.

Бул иш чаранын максаты диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана коомчулук ортосунда диалог курууга, өз ара байланышта иштөөгө аянтча түзүү болуп саналат.

Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында, конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылууга, адам укуктарына жана эркиндиктерине, толеранттуулук жана диний сабырдуулукка чакырган, радикализм, экстремизди болтурбоого багытталган.

Фестиваль - көргөзмөсүнө шаар тургундары дагы катышып, аларга ар бир уюмдун социалдык иштеринин өзгөчөлүктөрү жана спецификасы жөнүндө кененирээк маалымат алууга 10дон ашык чыгармачыл, мастер-класстар көрсөтүлүүдө.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышууда. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ), Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) бей өкмөт уюмдары тарабынан уюштурулууда.

Архив