Ислам жана Православие

2019-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Ислам жана Православие – тынчтыктын диндери» аталышындагы Эл аралык конференциясын Бишкек шаарында өткөрүп жатат. 

Конференциянын башкы максаты -постсоветтик мейкиндиктеги Ислам жана Православ христиан диндеринин тарыхый карым-катнашын жана өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды талдоо, эки диндин жалпы руханий, маданий баалуулуктарын, ордун жана эл аралык тынчтыкты орнотуудагы ролун талкуулоо, ошондой эле  Евразиялык мейкиндикте кызматташтыкты жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүү.

“Биздин аймакта 150 жылды камтыган Ислам жана Православие диндеринин ортосундагы карым-катнаш бүгүнкү күндө өз жемишин берүүдө. Жеке эле дин эмес, маданият, тил, каада-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу бүгүнкү күндөгү эки тараптуу мамилелердин жана ынтымактын негизги өзөгү болуп саналат”, - деди аталган иш-чара боюнча  КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.

         Аталган иш-чара КР Президентинин колдоосу менен 2017-2018-жылда өткөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференциянын уландысы болуп саналат.

Конференцияга Россия, Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын, дин жаатында радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу маселелери боюнча окумуштуу илимпоздор жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Бул эл аралык конференция Россия Федерациясы менен биргеликте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин (ЕККУ) колдоосу менен уюштурулууда.

Архив