Президент Сооронбай Жээнбеков КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин биримдигин жана маданиятынын көп түрдүүлүгүн сактоонун жана чыңдоонун  маанилүүлүгүн, ошондой эле инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө   региондордо конфессиялар аралык диалогду өркүндөтүү, өлкө калкынын диний сабаттуулугун жогорулатуу, коомдо конфессиялар аралык ынтымакты, сабырдуулукту чыңдоо, радикализмди жана экстремизди алдын алуу боюнча маселелер талкууланды. 

КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов  2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган “Ислам жана Православие – тынчтыктын диндери” аталышындагы Эл аралык конференциясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты.


 

Архив