Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди.
БУЙРУК ПРИКАЗ
____________________2026 № ______ г. Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жобосунун 12-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, буйрук кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2026- жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4.2.2. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Тартипте каралган ыйгарым укуктардын чегинде САПтын Ажылык жана умра иштери министрлиги, ошондой эле САПтын башка ыйгарым укуктуу органдары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүдө ажылык жана умраны уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп саналат.”;
– 4.2.3. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын төрагасы КМДБнын жетекчилиги менен биргеликте белгиленген тартипте сүйлөшүүлөргө, квоталарды, ажылык жана умранын уюштуруучулук шарттарын макулдашууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык зыяратын уюштурууга байланышкан келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катышат.”;
– 4.2.4. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “КМДБ келишимдерге кол коюлгандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде түзүлгөн макулдашуулардын көчүрмөлөрүн эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн Ведомстволор аралык комиссияга жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.”;
– 4.8.2. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Ыкчам штабдын, убактылуу жумушчу топтордун, техникалык комиссиялардын жана башка координациялык механизмдердин курамы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Муфтийи тарабынан аныкталат жана дин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын төрагасы тарабынан бекитилет.”;
– 4.9.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Авиаташуучуларды тандоо, ажылык зыяратчылар үчүн атайын форма (кийим) тигүү, вакциналарды жана дары-дармектерди сатып алуу ушул Тартипте жана анын тиркемелеринде белгиленген тартипте ачык конкурстук жол-жоболор аркылуу гана жүзөгө ашырылат.”;
– 8.1.2. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Конкурстук жол-жоболор төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт: – авиаташуучулар;
– атайын кийим формаларын тигүү;
– зыяратчылар үчүн вакциналарды жана дары-дармектерди сатып алуу.”
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2026- жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын ажылык жана умраны уюштурууда конкурстук жол-жоболорду өткөрүү жөнүндө 5-тиркемесинин 7.1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ачык конкурс же коммерциялык сунуштарды суроо-талап формасындагы конкурстук жол-жоболор милдеттүү түрдө авиа ташуучуларга, ажылык зыяратчылар үчүн атайын форма (кийим) тигүүгө, вакциналарды жана дары-дармектерди сатып алууга карата жүргүзүлөт.”.
3. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы:
1) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып – 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрүү;
2) расмий жарыялангандан кийин жети жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
3) расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтүлсүн.
4) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тааныштырып, расмий сайтка мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоону камсыз кылуу. 4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары А.Ж. Иминовго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага Т.Н.Ташибеков