Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин жобосунун 11-пунктунын 11-пунктчасына ылайык, буйрук кыламын: 

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Аравия Падышалыгына зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруу тартиби тиркемегее ылайык бекитилсин. 

2. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы: 

- ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №319 токтомуна ылайык расмий жарыялоо чараларын көрүү; 

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине копиясын жөнөтүп, Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүүнү камсыз кылуу; 

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Президенттигинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн. 

3. Кадр иштери жана кагаздарын жүргүзүү сектору ушул буйрукту Улуттук агенттиктин бардык түзүмдүк, бөлүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин. 

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы № 01-4/102 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд  Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 5. Ушул буйруктун аткарылышы төраганын орун басары А.Ж. Иминовго жүктөлсүн. 

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ПРИКАЗ.pdf

Архив