2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан чет өлкөлөрдө диний билим алууну каалаган жарандар үчүн сунушталган окуу жайлардын тизмесин сунуштайт:
Сунушталган окуу жайлардын тизмеси:
- Египет Араб Республикасы – Аль-Азхар университети (Каир ш.)
- Иордания Хашимит Королдугу – Иордан университети (мамлекеттик окуу жай)
- Түркия Республикасы – Дин иштери башкармалыгына караштуу диний билим берүү мекемелери
- Малайзия – Эл аралык Ислам университети (Куала-Лумпур ш.)
- Россия Федерациясы:
- Россия ислам институту (Казань ш.)
- Россия ислам университети (Уфа ш.)
- Москва ислам институту (Москва ш.)
- Болгар ислам академиясы (Татарстан)
- Өзбекстан Республикасы – Имам Бухари атындагы Ташкент ислам институту
- Казакстан Республикасы – “Нур-Мубарак” Египет ислам маданияты университети (Алматы ш.)
Маанилүү эскертүү:
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим (11-класс) алгандан кийин же өлкө ичинде диний билим алгандан кийин гана чет өлкөдөн диний билим алууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн Улуттук агенттиктин же Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий каналдарына кайрылсаңыздар болот.