12/02/16 Жогорку окуу жайларында дин маселелери боюнча малыматтуулугун жана диний билим денгээлин жогорулатуу максатында лекциялар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2015-жылдын 9-июлундагы №315-р буйругу менен бекитилген “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер Планы” иш жүзүнө ашыруунун алкагында 2015-жылдын декабрь айынан баштап, 2016-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана “Мутаккалим” прогрессивдүү аялдар коому менен биргеликте Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин колдоосу менен Бишкек шаарындагы 21 жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын илгерилетүү, ошондой эле экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылышын алды алуу максатында маалыматтык-профилактикалык лекциялар өткөрүлдү.

Бул иш-чара Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” жана башка университеттерде өткөрүлдү.

Лекцияда 3000 ашык студенттер Кыргызстандагы диний кырдаал, светтик принциптин негиздери жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө маалымат алышты. Ошондой эле, Дин комиссиясынын адистери менен экстремизм жана терроризм идеяларын жайылышын алдын алуу иш-чаралары боюнча да талкуулашты.

Дин комиссиясы тарабынан жогорку окуу жайлардын китепканаларына «диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат: Кыргызстандагы мыйзам негиздери, Концепция жана «салттуу ислам»» усулдук китепчеси тапшырылды.

prof_vuz120216_4

prof_vuz120216_3

prof_vuz120216_2 


Архив