2016-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын орун басары З.Чотаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси Акио Ягихаши мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстандагы учурдагы диний кырдаал жана кыргыз-япон алакалары талкууланды.