Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Директордун орун басары З. Дж. Чотаев Канада элчилигинин саясий суроолор боюнча кеңешчиси Т. Пекора менен жолугушту

2016-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Директордун орун басары З. Дж. Чотаев Канада элчилигинин саясий суроолор боюнча кеңешчиси Т. Пекора менен Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана Канада мамлекетинде болуп жаткан диний кырдаал боюнча жолугушту.

Т. Пекора Кыргызстандын диний чөйрөсүндө болуп жаткан реформаларды жана Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүлүүсүн колдоп, ошондой эле Канада мамлекетинин бул жааттагы тажрыйбысы боюнча маалымат берди.

Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелерине “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” сабагын киргизүү маселеси да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Канада элчилиги ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Архив