Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Директору О. Молдалиев 29-Ислам биримдиги үчүн эл аралык конференцияга катышты.

2015-жылдын 27-29-декабрында Тегеран шаарында “Ислам дүйнөсүнүн учурдагы каатчылыгы” темасында Ислам биримдиги үчүн эл аралык конференция өттү. Аталган конференцияга дүйнөнүн 70 мамлекетинен 130 өкүл катышышты.

Аталаган конференциянын алкагында ислам дүйнөсүнүн көрүнүктүү аалымдарынын катышуусу менен аял жана үй-бүлө, жаштар, илим жана технология маселелерин диний көз караштан кароо үчүн 12 комитет түзүлдү.

Конференцияга Иран ислам мамлекетинин Президенти Хассан Роухани жана Ислам революциясынын башчысы Аятолла Хаменеи катышып, исламдын күчтүү жана жаңы цивилизациясын түзүүгө чакырышты.

 img-20160105-wa0003 img-20160105-wa0002 img-20160105-wa0001 

Архив