Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчи кадрларын даярдоо институтуна угуучуларды кабыл алуу жарыяланат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчи кадрларды даярдоо максатында угуучуларды кабыл алуу жарыяланат. Аталган институт 2014-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын иш жүзүнө ашыруу алкагында түзүлүп, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын борбордук аппаратынын жана казыяттардын жетекчи кадрларын даярдоого багытталган.

Институттун негизги максаты угуучуларга Кыргызстан жана Борбордук Азия регионунда салттуу болуп калган матуридия акыйдасындагы ханафий мазхабына негизделген терең теологиялык билимдерди берүү жана ошондой эле светтик жалпы билим дисциплиналарын, кыргыз коомчулугунун салттарын жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун негиздерин окутуу болуп саналат.

Институттун негиздөөчүлөрү кататрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы болуп эсептелет.

Конкурска катышуунун шарттары:

- Светтик жогорку жана диний билимге ээ болуусу;- Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгынын системасында иштеген тажрыйбага ээ болуусу;

Документтерди кабыл алуу 2015- жылдын август айынын 24нөн 29на чейин Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгында кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу талап кылынат:

- Паспорттун көчүрмөсү- жашаган жеринен аныктама- жогорку светтик жана диний окуу билими тууралуу диплом- мотивациялык кат- сунуш каты.

Документтер КМДБнын окуу бөлүмүнө тапшырылат. Дареги: Бишкек ш., Гоголь көч., 57, КМДБнын башкы имараты, биринчи кабат, 14 - бөлмө.

Архив