Бүгүн, 2026-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин (мындан ары – Улуттук агенттик) жетекчилигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы (мындан ары – КР БУУ) Туруктуу координатору Антье Граве айым жана Туруктуу координаторунун жардамчысы Хеннинг Вик мырза менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, этностор аралык мамилелер жана коомдук ынтымакты чыңдоо тармагындагы актуалдуу маселелерди жана өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү, мүмкүн болгон конфликттик тобокелдиктерди алдын алуу, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктү бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Улуттук агенттик тарабынан коомдук туруктуулукту камсыз кылууга, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана этностор аралык мамилелерди чыӊдоого багытталган ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, учурдагы демилгелер жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилип өттү.
Өз кезегинде БУУнун өкүлдөрү Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнү, социалдык коопсуздукту жана тынчтыкты камсыздоо багытындагы иш-аракеттерди мындан ары да колдоо маселесин карап, кызматташууну улантууга даяр экендигин билдиришти.