Бүгүн, 2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин (мындан ары – Улуттук агенттик) жетекчилиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (мындан ары – БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Соловьева Александра айым жана Туруктуу өкүлдүн орун басары Хаверман Патрик мырза менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар диний саясат жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты. Бул жолугушуунун маанилүү учурларынын бири катары Улуттук агенттикке БУУӨП тарабынан техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюулушу болуп, диний саясатты ишке ашырууну колдоо, этностор аралык мамилелерди чыңдоо, социалдык ынтымакты бекемдөө жана жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү максатында техникалык жабдуулар өткөрүлүп берилди.
Улуттук агенттиктин төрагасы көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, БУУӨП Улуттук агенттиктин туруктуу өнүгүү, коомдук туруктуулук жана инклюзивдүүлүк багытындагы ишмердүүлүгүн ырааттуу колдоп келе жаткан негизги эл аралык өнөктөштөрдүн бири экендигин баса белгиледи.