2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишкерүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди

2015-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги отурумунда 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишкерүү боюнча иш-чаралар планы (План) каралды.

Пландын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев баяндама жасап өттү. Өз сөзүндө мекеме башчысы Пландын 6 максатын атап өттү. Алар:

1. Диний чөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртуу2. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу3. Жергиликтүү деңгээлде өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну жакшыртуу4. Диний чөйрөдөгү маалыматтык саясатты жакшыртуу5. Светтик дин таануу билим системасын жакшыртуу6. Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу

Ошондой эле баяндамада Планды ишке ашыруу үчүн 22,4 млн. сом жана эл аралык донорлор керектелээри белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги отурумунун жыйынтыгында Планды бекитүү чечими кабыл алынды. План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.

Архив