Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан чет өлкөлөрдө диний билим алууну каалаган жарандар үчүн сунушталган окуу жайлар:
1. Египет – Аль-Азхар университети
2. Иордания – Иордан Университети – мамлекеттик билим берүү мекемеси.
3. Россия Ислам институту. Казань ш.
4. Россия Ислам университети. Уфа ш.
5. Москва ислам институту. Москва ш.
6. Болгар Ислам Академиясы. Татарстан.
7. Малазия – Эл аралык Ислам университети.
8. Өзбекстан – Ташкент Ислам институту.
9. Казакстан – Нур-Мубарак университети.
10. Туркия – Диянет иштери башкармалыгына караштуу диний билим берүү мекемелери.
Эскертүү: “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу” деп белгиленген.