Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте диний жаатта иш алып барган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренинг уюштурушту.

КР ДИМК Иран Ислам Республикасынын (ИИР) Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте диний жаатта иш алып барган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренинг уюштурушту. Аталган тренингге КР ДИМКнын, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Ички иштер министирлигинин, КР Коргоо кеңешинин Секретариатынын, КР Улуттук коопсуздук комитетинин жана КР Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышышты.

Тренинг үсүбүздөгү жылдын 27-май-1-июнь аралыгында ИИРнын Кум шаарындагы “Аль-Мустафа” Эл аралык университетине караштуу Кыска мөөнөттүү курстар институтунда болуп өттү.

КР ДИМК Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине аталган тренингди уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

sam_1268 img_7728 

Архив