Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте республика боюнча “Мамлекеттик мыйзам жана салттуу Ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында 72 сааттык имамдардын билимин өнүктүрүү жана дасыгууну жогорулатууга багытталган окуу курсун өлкөнүн бардык облустарында улантууда.
Иш-чарага административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарын ирилештирүү пилоттук долбоорунун натыйжасында түзүлгөн облустун аймактарынын имам-хатибдери катышты.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлүдөрү “Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн мыйзамдык негиздери” боюнча баяндама жасап,эки күндүк окуу курсунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди.