Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттерине диний радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча лекция өткөрдү
2014-жылдын 3-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин чечиминин негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы №203 Жарлыгы менен бекитилген “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” ишке ашыруу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин 10 Башкы башкармалыгын өкүлүнүн жана дин маселелери боюнча эксперттин катышуусунда 2015-жылдын 22-апрелинде Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттерине диний радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча лекция өткөрүштү.

Архив