“Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу. Себептери жана чечүү жолдору ” аттуу Биринчи эл аралык симпозиумдун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын 16-17-апрелинде “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу. Себептери жана чечүү жолдору ” аттуу Биринчи эл аралык симпозиум өткөрүштү.

Аталган иш-чарага исламдын салттуу негиздеринин өнүгүшүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, экстремизм жана такфиризмге идеологиялык жол менен каршы чыгуунун принциптерин жана методдорун изилдеп чыгуу, ошондой эле бул көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча эффективдүү кызматташтык маселесин карап чыгуу максатында Кыргызстандын жана 18 чет өлкөнүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Азирети Муфтийлери, илимий жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрү, диний жана коомдук ишмерлери, аалымдары, исламдык окуу жайлардын жетекчилери жана окутуучулары катышышты.

Симпозиумдун ачылыш аземи 16-апрель күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатрында болуп өттү. Ал эми симпозиумдун панелдик отурумдары “Jannat Regency” мейманканасында уланды.

Панелдик отурумдардын аягында окулган докладдар боюнча талкуулар болуп өттү, ошондой эле симпозиумдун Резолюциясынын долбоору кабыл алынды.

“Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу. Себептери жана чечүү жолдору ” аттуу Биринчи эл аралык симпозиумдун катышуучулары аталган симпозиум экстремизм жана такфиризм менен күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын өнүгүүсүнө түрткү болуп берет деген үмүтүн билдиришти.

Архив