Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Казахстан Республикасынын Маданият жана спорт министирлигине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту.

Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында 2015-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.Молдалиев Казахстан Республикасынын Маданият жана спорт министирлигине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы Г.Шойкин мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы жана Казахстандагы диний абалды жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты талкуулашып, эки өлкөдөгү диний саясатты реформалоо, ажылыкты уюштуруу процесси, диний билим берүү, ошондой эле мусулмандардын дин башкармалыктарынын системасын реформалоо маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун аягында Шойкин мырза сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү болгондугун белгилеп, мындан ары Кыргыз Республикасы жана Казахстан Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жана тажрыйба алмашууну өркүндөтүү сунушун киргизди. КР ДИМКнын директору, өз кезегинде, кызматташууга даяр экендигин билдирип кесиптешине иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Архив