Ооз ачаарга түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү чакырылды

2024-жылдын 4-апрелинде Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңешинин өкүлдөрүнө жана диний лидерлерге ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте ооз ачаар өткөрдү.

Аталган иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, мамлекет менен диний бирикмелердин кызматташтыгын күчөтүү максатында уюштурулду. 

Ооз ачаарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы – башкармалыктын начальнигинин орун басары О.Э.Капалбаев катышты. Ал өз сөзүндө катышуучуларды Ыйык Орозо айы менен куттуктап, Кыргызстан үчүн конфессиялар аралык ынтымактын өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов да куттуктоосун айтып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. 

 Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңешинин иш-чаралар планы талкууланып, аны аткарууда келип чыккан көйгөйлөр жана сунуш-пикирлер ортого салынды. Мындан сырткары катышуучуларга сөз берилип, конфессиялардын өз ара кызматташуу багыттары каралды.

Белгилей кетсек, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылы Кыргызстандын республикалык конфессиялар кеңеши түзүлүп, 2023-жылы кеңештин аймактык түзүмдөрү баардык облустарда иштей баштаган.

Учурда Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык иштөөдө.

Архив