Маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Ош шаардык ИИБдын жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине радикалдашуунун келип чыгуусу жана кесепеттери тууралуу окутуу уюштурулду. 

Иш-чарада Дин комиссиясынын, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып,  мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, динде аша чабуунун кесепеттери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө маселелери боюнча укуктук жана усулдук маалыматтар берилди. 

Мындай иш-чаралар Ош облусундагы жана Ош шаарындагы Аскер бөлүктөрүндө, ЖОЖдордун бардык факультеттеринде, колледждерде, диний окуу жайларда жана  муниципалдык кызматкерлерге уюштурулууда. 

Архив