Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары АКШнын Мамлекеттик Департаментинин жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

2015-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары З.Чотаев АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун Эл аралык диний эркиндик бөлүмүнүн директорунун орун басары Даниэл Надэл мырза жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн кызматкери Карл Боэм мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы диний эркиндиктин абалы, христиан диний уюмдарынын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгү жана мамлекеттин диний экстремизмге каршы күрөшүүсү тууралуу маектешишти.

Архив