Нарын шаарында болуп өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана мамлекеттик структураларынын өкүлдөрү үчүн дин таануу боюнча сабаттуулук жана дин маселелери боюнча кабардуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган тренингдин жыйынтыктары тууралуу маалымат

2015-жылдын 19-20-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин өкүлдөрү тарабынан Нарын облусунун мамлекеттик кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн дин маселелери боюнча компетенттүүлүк жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз ара аракеттешүү деңгээлин жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө катышуучулар учурдагы диний абалды талкууга алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын диний саясаты жана диний уюмдарды жана миссионерлерди эсептик каттоодон өткөрүү жараяны тууралуу маалымат алышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тарабынан окшош тренингдерди айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана калк арасында дагы өткөрүү, ошондой эле өткөрүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.

Архив