КР ДИМК өлкөнүн бардык аймактарында профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө

Бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Дин таануу изилдөөлөр борборунун жана "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу алкагында Талас облусунда ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү.

Аталган иш-чаранын алкагында КР ДИМКнын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, светтик принциптер жана дин тутуу эркиндиктери боюнча жергиликтүү бийликтин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө маалыматтар берилди.

Бул тегерек стол радикалдык жана экстремисттик идеологиялардын жайылышынын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көндүмдөрүн жана потенциалын бекемдөө, ошондой эле диний кырдаалдын туруктуулугун сактоо, конфессиялар аралык өз ара аракеттенүүнү жана улуттар аралык мамилелерди күчөтүү жана чыр-чатактарды болтурбоо максатында уюштурулган. 

Мындай иш-чаралар республика боюнча өткөрүлүп жатат.

Архив