Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Кыргызстандагы диний радикализация маселеси жана экстремизмге каршы чыгуу» темасында тегерек үстөл өткөрмөкчү
2015-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университети менен биргеликте, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин катышуусунда “Кыргызстандагы диний радикализация маселеси жана экстремизмге каршы чыгуу” аттуу тегерек үстөл өткөрмөкчү. Тегерек үстөлдө аталган университеттин академиялык коомчулугу жана студенттери менен диний радикализация жана экстремизмге каршы чыгуу темасы талкууланмакчы.
Архив