Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө окутуу семинарын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча эки күндүк окутуу семинарын уюштурду.

Иш-чаранын ачылышында КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев сөзгө чыгышты.

Иш-чаранын негизги максаты светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, дин тутуу эркиндиги, диний сабаттуулугун жогорулатуу, адам укуктары, коомдогу туруктуулук, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана маалыматтуулугун кеңейтүү болуп саналат.

Архив