Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу

2021-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу” аталышындагы форум өтүп жатат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, облустагы казылар, Аалымдар Кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара учурунда мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашынын негизи болгон светтик принципти бекемдөө, ислам дининин тынчтыкты орнотуудагы ролу, диний билим берүү тажрыйбасы жана багыттары, коомдогу көйгөйлөр жана аны чечүү жолдорун камтыган маселелер үстүндө талкуулар өтүүдө.

Билим алуунун зарылдыгы жана билимсиздиктин кесепети, дин жана жаратылыш сыяктуу актуалдуу темалардын мааниси форумда катышуучулар тарабынан ачык чагылдырылып жатат.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир Ракиев, облустардын казылары менен жолугуп, аймактардагы дин кызматкерлерине 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Иш-чаранын аягында форум учурунда катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн маанилүү маселелердин жыйынтыгы менен атайын резолюция кабыл алынат.

Архив