КР ДИМКнын директору М. Карабаев делегациянын курамында Татарстан Республикасынын мусулмандар Дин башкармалыгынын жана Россия ислам институтунун жетекчилери менен жолугушту

2021-жылдын 26-30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын делегациясынын Татарстан Республикасына болгон иш сапары өтүп жатат. Иш сапардын алкагында Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун максаты соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргыз-Татарстан кызматташуусунун актуалдуу маселелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Жол картасынын долбоорун талкуулоо.

Делегациянын иш сапарынын алкагында КР ДИМКнын директору Медер Карабаев, КР мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Муфтийинин м.а. Жоробай ажы Шергазиев Татарстан Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Россия ислам институтунун жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында мамлекеттер аралык кызматташуу, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу маселелери каралып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча талкуулар жүрдү. Ошондой эле диний билим берүү мекемелеринде окутуу методологиясын иштеп чыгуу жана бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.


Архив