КР ДИМК "Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү" аталышында семинар өткөрдү

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстандагы АКШ Элчилиги тарабынан көмөк көрсөтүлүп, Алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн багытталган чакан гранттар программасынын алкагында "Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү" семинарынын экинчи иш-чарасын өткөрдү. 

Долбоордун максаты - Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, конфессиялар аралык биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо. 

Иш-чарада диний уюмдардын өкүлдөрүнө ар биринин өз конфессиясынын тарыхы, диний ырым-жырымдары жана объектилери жөнүндө маалымат алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү.

Катышуучуларга “Жетинчи күндүн адвентисттеринин түштүк конференциясы”, “Бахаи”, “Кыргызстандын Библия коому” уюмдары конокторго өзүлөрүнүнүн ишеними, диний ишмердүүлүктөрү, тарыхы тууралуу маалыматтарды видеопрезентация аркылуу маалымат беришти.

Иш-чара суроо- жооптор менен коштолду. Диний уюмдардын өкүлдөрү мындай иш-чаралар көбүрөөк  уюштурулуп туруусун билдиришип, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты.

         Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-мартында “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы”, “Бишкек жана Кыргызстан епархиясы”, “Кыргыз Республикасындагы Католикалык Апостолдук Администратурасы”, «Конкордия» Лютеран Чиркөөсү” диний уюмдары өзүлөрүнүн презентацияларын көрсөтүшкөн. 


Архив