Кыргызстандын бардык региондорунда конфликттик сезимталдуулук боюнча тренингдер өткөрүлдү

Ушул жылдын 23-мартын 2-апрелине чейин аймактарда чыр-чатактарды алдын алуу жана аларды анализдөө, конфликттик сезимталдуулук боюнча жөндөмдүүлүк менен дин жаатында маселелерди чечүү жолдоруна багытталган окутуулар өткөрүлдү. Былтыркы жылы КР ДИМКнын кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында International Alert колдоосу менен конфликттик сезимталдуулук, чыр-чатактарды анализдөө, медиа сабаттуулук жана гендердик сезимталдуулук боюнча окутуулардан өткөн. Катышуучулар алган билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, активисттерге, социалдык кызматкерлерге, педагогдорго өлкө боюнча тренингдерди өткөрүштү.

“Долбоордун алкагында биздин тренерлер иш-чаранын катышуучуларына аймактардагы диний чөйрөдөгү чыр-чатактарды аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле медиа сабаттуулуктун базалык көндүмдөрүн окутушту”-,  дейт КР ДИМКнын талдоо бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Абакиров.

Иш-чаранын катышуучуларынын бири Каракол шаардык мэриясынын өкүлү Сабира Тилекматованын айтымында, жергиликтүү адистер маанилүү маалыматтарды алып, иш алып барууда ыкмаларды колдонууну үйрөнүштү.

        «Тренинг маалында биз чыр-чатактарды аныктоо боюнча көптөгөн ыкмаларды үйрөндүк, эми биз мындай көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин билебиз”, - дейт Токмок шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери Камбарова Найира.

Тренингдер Швейцария өкмөтү каржылаган International Alert уюмунун «Диний коомчулуктун катышуусу менен COVID-19га таасир этүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 

Архив