2021-жылдын 18-мартында "Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусундагы диний билим берүүмекемелеринин ролу" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча презентациясы Бишкек шаарында өтүүдө. Изилдөө долбоору Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору БУУнун Аялдар түзүмүнүн өнөктөштүгүндө жүзөгө ашырылууда.
Зомбулук экстремизмди болтурбоодо алдын алуу системасын түзүү боюнча сунуштарды эске алып, ислам багытындагы окуу жайлардын студенттеринин пикирин, социалдык-инклюзивдүү, гендердик сезимталдуулук, эл аралык адам укуктарынын стандарттарына жана ченемдери боюнча өлкөбүздө ушул сыяктуу изилдөөлөрдүн тарыхында биринчи жолу кеңири масштабдагы изилдөө жүргүзүлдү.
Изилдөөнүн негизги максаты, биринчиден, медреселердин студенттерин Кыргыз Республикасынын жарандары катары өзүн-өзү таануусун талдоо. Экинчиден, алардын тарбиялануучуларынын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруудагы медреселердин ролун изилдөө.
Сурамжылоо республикалык масштабга ээ болуп, өлкөбүздүн 7 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлүп, жалпысынан 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен 72 эксперттик интервью, окуучулар арасында 751 сурамжылоо жүргүзүлүп, медреселердин инфраструктурасы боюнча 61 байкоо карточкасы толтурулду.
Изилдөөнүн натыйжалары диний билим жана тарбия контекстинде кыздар жана эркек балдар арасында жарандык билимдин баалуулуктарынын калыптануусу жана окуучулардын социалдык, экономикалык, саясий жана башка тармактарда чечим кабыл алуусуна кандай таасир берерин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ошондой эле гендердик ой жүгүртүү жана алардын жүрүм-турум үлгүлөрү, диний бирикмелердин көз караштары аркылуу рационалдаштырылып, гендердик тажрыйбаларды жана түзүмдөрдү өздөштүрүүгө алып келет.
Изилдөөнүн натыйжаларынын жыйынтыктары диний билим берүүнү стандартташтырууда, медресе окуучуларынын коомго социалдык интеграцияланышына жана экстремисттик идеологиянын алдын алуу менен байланышкан социалдык-инклюзивдик, гендердик сезимталдык, адам укуктары жаатындагы саясатты жана программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулат.
Бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, медиа коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, медресе жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.