А.У.Токталиев КР ДИМКда директор болуп турган кезде кызматкерлерин дин чөйрөсүндөгү Мыйзамды бузууга үндөгөн

А.Токталиевдин берген маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөндөгүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Мыйзамынына ылайык, диний уюмдар (мечиттер) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан эсептик каттоодон өтүү үчүн диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) 200 (эки жүз) кишиден турган тизмесин, төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын тапшыруусу зарыл. 

Бирок, А.У.Токталиев директор болуп турган кезде КР ДИМКнын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу жолу менен диний уюмдарды (мечиттерди) эсептик каттоого алууга үндөгөн.  

Тактап айтканда, А.У.Токталиев тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен 200 (эки жүз) кишиден турган тизмесин, төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлүүчү диний уюмдун уставын өзүнүн жеке Буйругу менен жокко чыгарууга аракет жасап, өзүнүн компетенттүү эместигин көрсөткөн. 

Мындан сырткары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат.

Белгилей кетсек А.Токталиевдин КР ДИМКнын директорлук  кызмат ордуна дайындалганда, мекеменин жалпы жамааты каршы экендигин билдиришип, жогорку органдарга кайрылуу жасашкан.  

.


Архив