Диний лидерлер үй-бүлөөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча окуудан өтүштү

Ушул жылдын 10-декабрында, Адам укуктары күнүнө карата International Alert эл аралык уюмунун "Татыктуу Жашоо: аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу боюнча негизги билдирүүлөрдүн диний жамааттарга жетишин камсыз кылуу" аттуу долбоорунун алкагында Конфессиялар аралык жумушчу топтун мүчөлөрү жана диний жамааттардын өкүлдөрүнө өткөрүлгөн үч күндүк тренинг жыйынтыкталды.

 Долбоор Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосу менен ишке ашырылып, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан каржыланды. Тренингдерге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Орус православдык чиркөөсүнүн, Католиктик чиркөөсүнүн өкүлдөрү, Бахаи дининин жана Кыргыз чиркөөлөрүнүн альянсынын өкүлдөрү, ислам таануу боюнча эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний лидерлердин үй-бүлөөлүк зомбулуктун алдын алууда иш-чараларды өткөрүү боюнча билимдерин жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

 “Аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулукту болтурбоо үчүн тынымсыз иш алып баруу керек деп эсептейбиз. Айрыкча, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө маанилүү. Биздин элчилик үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу боюнча иш алып барууда. Биз "Татыктуу жашоо" долбоорун колдойбуз жана бул долбоор узак мөөнөт аралыгында аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз",- дейт Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Дженнифер Таскер.

Тренингдерге диний лидерлер менен диний жамааттардын активдүү мүчөлөрү катышты: алар үй-бүлөдөгү жана коомдогу зомбулуктун көрүнүштөрү менен булактары, ошондой эле калктын аярлуу катмарын, анын ичинде аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Катышуучулар COVID-19 пандемиясы учурунда зордук-зомбулукка кабылгандарды колдоо боюнча диний уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, зомбулуктан жапа чеккендерге консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгышты.  

Кыргызстандагы Интернешнл Алерттун  өкүлү Шакират Токтосунованын айтымында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук темасы өтө маанилүү: “Биз күн сайын үй-бүлөөлүк зомбулуктун үрөй учурган фактылары тууралуу билебиз. Үй-бүлөөлүк баалуулуктарды калыптандырууга диний жамааттардын жигердүү катышуусу зарыл, анда зордук-зомбулукка жол берилбейт, бактылуу үй-бүлөөлүк мамилелер болсо тең укуктуулукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделет деп эсептейбиз." 


"Татыктуу Жашоо" долбоору гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууда диний лидерлердин жардамын алууга жана аларды ар түрдүү диний жамааттар арасында аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлө турган максаттуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясына катыштырууга багытталган.

Архив