Зайырбек Эргешов Москвада РФ УИФАнын жетекчисинин орун басары Михаил Мишин менен жолугушту

2020-жылдын 27-январында, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов  Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча  федералдык агенттигинин (РФ УИФА) жетекчисинин орун басары Михаил Мишин менен жолугушту.

Жолугушууда 2019-жылдын март айында Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КР ДИМК менен РФ УИФАнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун негизинде диний билим берүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. 

Ошондой эле Кыргызстан тараптан Орусиядагы мигранттар менен иштөө боюнча биргелешкен иш-чаралар, диний жана этникалык таандыгы боюнча, дискриминациянын бардык түрлөрүн алдын алуу маселелеринин ишке ашырылышы, өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык радикалдык жана экстремисттик идеялардын жайылуусунун алдын алуу жөнүндө талкуулар жүрдү.

Тараптар 2020-жылда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак мамилелер жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар Планынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн бир катар башка багыттары тууралуу маселелерди дагы карашты.

Архив