Москвадагы Мавлид

2020-жылдын 26-январында Москвада Мухаммед Пайгамбардын туулган айына карата жыл сайын өтүүчү иш-чара уюштурулду.

          Иш-чара Россиядагы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК КР) директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалиловдор  ардактуу конок катары чакырылган.

         КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов доклад жасады жана бардык мусулмандарды Мавлид майрамы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, бакыт, иштерине ийгиликтерди каалады.

         Кыргызстандын жана көп улуттуу Россиянын эли бир нече кылымдар бою жалпы маданий жана руханий тамыры бар бир тууган элдерден экендигин КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов баса белгилеп өттү.

“Урматтуу мамлекет башчыларыбыз Сооронбай Шарипович Жээнбеков жана Владимир Владимирович Путин “2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак мамилелер Жылы” деп жарыялашкан. Бул кадам эки мамлекеттин мындан ары да ар кайсы тармакта кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болот деп ишенем”, - деди КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.

         Иш-чара учурунда чыгып сүйлөгөндөр динге ишенгендердин биримдигине, жаштардын ынтымагына, патриоттуулукка жана Мекенди сүйүүгө чакырышты.

         Маалымат үчүн: Мусулман календары боюнча Пайгамбар Мухаммед төрөлгөн түн “Мавлид түнү” деп аталат. “Мавлид” – туулган убакыт дегенди билдирет. Бул түнү мавлид касидалары окулуп, Пайгамбар Мухаммед жөнүндү баяндарды угуу үчүн мусулмандар жыйналышат.

Архив