Калктын диний сабаттуулугун жогорулатуу

2019-жылдын 28-29-октябрында Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешовдун катышуусунда региондордо маалыматтык - профилактикалык иштер жүрүүдө.

Аталган иш-чаранын алкагында КР ДИМКнын, КР ИИМдин кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, светтик принциптер жана дин тутуу эркиндиктери боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, диний уюмдардын, аксакалдар жана жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнө маалыматтар берилүүдө.

Негизги максат-жергиликтүү жамааттын жана муниципалдык кызматкерлердин өкүлдөрүнүн диний сабаттуулук жагынан билим деңгээлин жогорулатып, колдонуудагы мыйзам боюнча жаралып жаткан актуалдуу, көйгөйлүү маселелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Дин тутуу эркиндиктери, адам укуктары, басмырлоо, эрте никелешүүнүн  кесепеттери, динин өзгөрткөн жарандардын сөөгүн жерге берүү көйгөйлөрү, ошондой эле   балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу КР ДИМК, КР ИИМдин өкүлдөрү тарабынан жогоруда аталган маселелер боюнча КР мыйзамдарынын нормаларын бузгандык үчүн администрациялык жана кылмыштык жоопкерчилик жөнүндө маалыматтар берилип жатат.

         Эске салсак, 2019-жылдын 21-октябрында Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында КР ДИМК тарабынан профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Октярь айы ичи Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында график боюнча жүзөгө ашыруу пландалган.

Архив