Мамлекеттик тил күнүнө карата

2019-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттык иш-чара уюштурду.

 Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, КР ДИМКнын директору З.Эргешов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, диний уюмдардын өкүлдөрү, «Бак-дөөлөт» фондунун жетекчиси М. Мураталиевдер сөзгө чыгышты.

Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын ДИМК ишинде жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик тилди жайылтуу жана илгерилетүү болуп саналат.

«КР ДИМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралар планын иштеп чыкты. Иш-пландын алкагында кызматкерлердин, диний уюмдардын, диний окуу жайлар арасында өз ара кызматташууда мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрөт. Ушул сыяктуу иш-чаралар жамааттын биримдигин жана мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү боюнча шарт түзөт жана жарыяланган 3 ай ичинде мамлекеттик тилде тегерек столдор, семинарлар, лекциялар, дилбаяндар сынактары уюштурулат», - деди аталган иш-чара боюнча  Кыргыз Республикасынын ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.


Архив