Эки тараптуу меморандумга кол коюлду

Бишкекте Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт Өкмөттөр аралык комиссиясынын II отуруму болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) жана Кувейт Мамлекетинин Вакф жана ислам иштери боюнча министрлиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты- диний таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формаларын профилактикалоо, адамдын жана жарандын динге болгон мамилелерине карабастан дин тутуу эркиндиктерине, тең укуктуулукка   кепилдикти камсыздоодо, мамлекеттик-конфессиялык өз ара мамилелердин механизмин түзүүдө, радикалдык жана экстремисттик идеялардын пайда болуусун алдын алуу маселелери боюнча кызматташууну чыңдоого, мамлекеттик бийлик органдарынын диний уюмдар менен болгон мамилелерин укук-ченемдик жактан жөнгө салуунуну өркүндөтүү үчүн методологиялык негиздерди иштеп чыгууда жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө умтулуп, мындай өз ара аракеттенүү, мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы изилдөө жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө жана өнөктөштүк Тараптардын достук мамилелерин колдоого өбөлгө түзүү.

        КР ДИМКнын директору З.Эргешов жана Кувейт Мамлекетинин финансы министри Наиф Фалах Аль Хаджра документтерге кол коюшту.

Архив