Орусия Федерациясына диний билим алууга тапшырган абитуриенттер

Орусия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (Кыргыз Республикасынын ДИМК) ортосундагы түшүнүшүү меморандумунун негизинде Кыргыз Республикасынын 25 (жыйырма беш) жаранына Орусия Федерациясы тарабынан диний билим алуу үчүн атайын квота бөлүнүп берилген. 

Өткөрүлгөн сынак боюнча иш-аракеттер аяктап, жыйынтыгында жалпысынан Кыргызстандын 15 (он беш) жараны Казань шаарындагы Орусия ислам университетине жана Уфа шаарындагы Орусия ислам институтуна ийгиликтүү тапшырышты. Алардын ичинен 11 (он бир) жаран күндүзгү окуу формасына, ал эми 4 (төрт) жаран сырттан окуу формасына тапшырышкан. 

Архив