“Дин маданиятынын тарыхы” окуу предмети боюнча мугалимдерге тренингдер өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында 2015-2020-жылдарга карата Иш планынын аткаруу алкагында Ош шаарында 2019-жылдын 5-6-август күндөрү билим берүү мекемелердин мугалимдери үчүн “Дин маданиятынын тарыхы” окуу предмети боюнча тренинг өткөрүп жатат. Ушул эле иш-чара 8-9-август күндөрү  Бишкек шаарында өтөт.

Бул предмет өлкөнүн 56 мектебинде пилоттук долбоор катары киргизилген жана апробация бүткөндөн кийин жалпы билим берүү программасына киргизүү пландалууда.

Иш-чаранын негизги максаты жана мазмуну Дин маданиятынын тарыхы, диндердин тарыхы жана теориясы, дин аралашпаган мамлекеттин принциптери, абийир жана дин тутуу эркиндиги тууралуу илимий билим алуу, ошондой эле катышуучулардын аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүсүн, диний жана социалдык көйгөйлөрдү түшүнүү менен бирге, жарандык аң-сезимди жана укуктук маданиятты калыптандыруу, дин аралашпаган көп конфессиялуу коомдо чыр-чатаксыз жашоо көндүмдөрүн тарбиялоо максатында жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ) тарабы колдоо көрсөттү.

Архив