2019-жылдын 25-26-июлунда Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК), КР ДИМКга караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрүнүн катышуусунда 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында жана 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ), укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлерине “Зордукчул экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу системасы жана сот адилеттиги” аталышындагы 2 күндүк окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Тренингдин максаты радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин жана көндүмдөрүн чыңдоо максатында, ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн маселелери боюнча иштелип чыккан окутуу материалдар аркылуу күч структураларын, ЖӨБ жана мамлекеттик органдардын, республиканын бардык аймактарындагы укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрүн окутуу.
“Бул иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө, этностор аралык мамилелер, экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатында билим жана тажрыйба алышып, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлерин мындай багыттагы окутууларды өткөрүүдө потенциалын күчөтөт”-дейт, КР ДИМКнын директорунун орун басары Закир Чотаев.
Иш-чара Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өнөктөштүгүндө “Зордукчул экстремизмдин алдын алуу үчүн инклюзивдүү башкаруу системасы жана сот адилеттиги” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Учурда бул тренинг Ыссык-Көл облусуна караштуу Каракол, Балыкчы шаарларында жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы облустук администрациянын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп жатат. Ошондой эле август ичинде республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.