Экстремизмди алдын алуу жана ага каршы туруу маселелери боюнча Борбордук Азиядагы тармак: жамааттар менен өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгү жана ведомстволор аралык кызматташтык

2019-жылдын 3-4-июль күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы  менен биргеликте Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык жолугушуу өткөрүүдө. 

Семинардын максаты тармакты мындан ары да чыңдоо жана өнөктөштүктөгү иштин артыкчылыктарын тармактын потенциалын колдонуу аркылуу кеңейтүүэкстремиздин алдын алуу, кызыкдар тараптардын ортосундагы ишенимди бекемдөө. Бул семинар Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү экстремизмге каршы туруу чөйрөсүндө учурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн платформасын түзүүгө багытталган.

Иш-чарага мамлекеттик органдарынан жана медиа коомчулуктан, өкмөттүк эмес уюмдардан, коомдук пикирдин лидерлери, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда. 

Борбордук Азия тармагынын биринчи отуруму 2019-жылдын январь айында Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн.

Иш-чара Кыргызстандагы БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өнөктөштүгүндө “Экстремизмди алдын алуу жана ага каршы туруу маселелери боюнча Борбордук Азиядагы   тармак: жамааттар менен өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгү жана ведомстволор аралык кызматташтык” долбоорунун алкагында Швеция менен Германиянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Архив