Конфессиялар аралык диалогду бекемдөө

2019-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) конфессиялар аралык өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында диний уюмдардын катышуусунда ишембилик өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын мобилизациялоодо социалдык инфраструктураларды жакшыртып, шаардагы санитардык абалды жашылдандырып, өлкөдөгү аймактарды тазалап, өнүгүүгө салым кошуу.

Иш-чаранын катышуучулары Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы эс алуу багына көчөттөрдү отургузуп, айланасын тазалашты. Бул иш-чараны колдоп келгендерге   КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов ыраазычылык билдирди.

Ишембиликти өткөрүүдө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ), Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) көмөк көрсөттү.

Иш-чарага КР ДИМКнын, КР ДИМКнын алдындагы ДКИБ жетекчилиги жана кызматкерлери, ЕККУ, IWPR жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Архив