Кувейт менен кызматташуу

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов 2019-жылдын 31-мартынан 3-апрелге чейин Кувейт мамлекетинин Вакф жана ислам иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өз ара Түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун ишке ашыруу максатында расмий иш сапары менен  Кувейт мамлекетине барды.

2019-жылдын 1-апрелинде КР ДИМКнын директору З.Эргешов иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Ыйгарым укуктуу элчиси   Самаргүл Адамкулованын катышуусунда Кувейт мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары Насир Субейх менен жолугушту. Жолугушуу учурунда диний чөйрөдөгү маселелер, Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жаткан фонддордун ишмердүүлүгү талкууланып, эки тараптын мындан ары да кызматташуусун өркүндөтүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Ушул эле күнү КР ДИМКнын директору З.Эргешов Кувейт мамлекетинин Вакф жана ислам иштери боюнча министринин биринчи орун басары   Фарид Асад Имадий менен жолугушту. Жолугушууда  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен Кувейт мамлекетинин Вакф жана ислам иштери боюнча министрлигинин ортосунда Түшүнүшүү Меморандумунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Тараптар жакынкы арада кол коюу боюнча расмий иш-чараларды өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты. Ошондой эле жолугушууда диний чөйрөдөгү саясат, диний билим берүү, Кыргызстандагы кайрымдуулук иштерин жөнгө салуу жана Вакф системасын түзүүдө Кувейт мамлекетинин тажрыйбасы менен бөлүшүү тууралуу талкуулар жүрдү.

2019-жылдын 2- апрелинде КР ДИМКнын директору З.Эргешов Кувейт мамлекетинде кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы диний кырдаал, диний уюмдар, диний окуу жайлар, мечиттер жөнүндө маселелер талкууланып, анда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди. Ушул күнгө чейин Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген фонддор мындан ары да дин тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Архив