Диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер

Бишкекте 2019-жылдын 4 мартында «Диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер: кыска мөөнөттүү жана перспективдүү пландарды талкуулоо ” аталышындагы тегерек стол өттү. Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМ) 23 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташууну күчөтүп, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөдө,  радикализмдин жана экстремиздин алдын алууда биргеликте иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкулоо.

Иш-чаранын алкагында конфессиялар аралык кеңештин Жобо долбоорун жактыруу, ошондой эле конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө диний лидерлердин  жана коомдук жарандын ролун күчөтүү.

“Биздин максат конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү. Дин жаатындагы маселеде өлкөнүн демократиялык принциптерди сактоого милдеттүүбүз. Ар бир жаран диний жана башка ишенимдерин эркин тандоого укуктуу. Жарандарыбыздын тандаган маданий жана диний баалуулуктарын сыйлообуз керек”,- деди Кыргыз Республикасынын ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 4-мартындагы №45 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жана курамы жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик мекеме катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин ишетри боюнча мамлекеттик комиссиясы болуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 20-январындагы № 9 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы “Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” Жарлыгына ылайык Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына өткөрүп берилди.

     Дин комиссиясынын негизги милдеттери:

-Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

-Жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун камсыз кылуу;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жобосуна ылайык мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилесин координациялоо;

-Диний уюмдарды эсептик каттоодон өткөрүү.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты – жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөө, диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча диний жана коомдук институттардын ишин адам укуктарынын жана дин тутуу эркиндигинин принциптеринин негизинде натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу мамлекеттин дин аралашпаган мүнөзүнө негизделген мамлекеттик- конфессиялык кызматташтыгынын оптималдуу моделин түзүү.

Архив