Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу

2019-жылдын 21-февралында Бишкек шаарында «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорунун IV Пикир алышуу аянтчасынын жыйыны болуп өттү.

Жолугушуунун максаты дин жана демократия маселелери боюнча изилдөөлөрдүн биринчи жыйнагын жана семинарларга катышкан имамдардын өз алдынча үйрөнүү үчүн 6 күндүк семинарлардын окутуу программасынын материалдар жыйнагын талкулоо.

«Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоору “International Alert” жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылып, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган.  Долбоордун максаты – дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча ачык коомдук пикир алышууну, адамдын жашоосунда диндин ордун, мамлекеттик жана диний институттардын ортосундагы карым-катнашты жана мамлекеттик дин саясатын колдоону камтыйт. Бул долбоордун негизги улуттук өнөктөшү катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болуп саналат.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министирлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, теологтор, эксперттер жана башка  долбоордун өнөктөштөрү катышты.


Архив