Дин комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту

2019-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташууну, коомчулуктагы диний сабаттуулукту жакшыртуу, ислам баалуулуктарын туура жайылтуу, ынтымакка үндөө, ынак мамиле куруу жана  башка элдин маданиятын урматтоо жөнүндө талкуулар жүрдү.

Өз кезегинде Женгиз Камил Фырат мырза эки өлкө ортосунда дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк колго алынып, мамлекет тарабынан өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле радикализмдин жана экстремиздин алдын алуу боюнча жаңы долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну сунуштады.

Соңунда эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө максатында кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Архив