Эки тараптуу меморандумга кол коюлду

2019-жылдын 28-мартында Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) менен Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча  федералдык агенттигинин (РФ УИФА) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты- диний таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формаларын профилактикалоо, радикалдык жана экстремисттик идеялардын пайда болуусун алдын алуу меселелери боюнча кызматташууну чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө умтулуп, мындай өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк Тараптардын достук мамилелерин колдоого өбөлгө түзүү. КР ДИМКнын директору З.Эргешов жана РФ УИФАнын жетекчиси И. Баринов документтерге кол коюшту.

Архив